Ысык-Көлгө 22 жаштагы бишкектик жигит чөгүп кетти

Ысык-Көлгө 22 жаштагы жигит чөгүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 10-июнь күнү Ысык-Көл РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Бостери айылындагы "Золотые пески" эс алуучу жайынан бир адам сууга чөгүп кеткени жөнүндө билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Бостери аймактык милиция бөлүмчөсүнүн тергөө-ыкчам тобу барып, болжол менен саат 18:30 чамасында аталган жерде 22 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну көлгө чөгүп каза болгонун аныкташкан.

Чөккөн адамды сырткы кароодо, эч кандай криминалдык тактар аныкталган эмес.

Аталган факты Ысык-Көл РИИБнин маалыматтык электрондук журналына катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан