"Ош" пансионатынын мурдагы директору Ыдырыс Исаковду жаакка чапты. Милиция бул боюнча үн катты

Ош милициясы Ыдырыс Исаковго кол салуу фактысын иликтеп баштады. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, эркин журналист Ыдырыс Исаков аны бетке чапкан “Пансионат Ош” мекемесинин мурдагы директоруна каршы Ош шаардык милициясына арыз жазган.

Милициянын маалыматына караганда, окуя тууралуу билдирүү бүгүн, 12-июнда болжол менен саат 12:20лар чамасында түшкөн. Анда Асылбек аттуу жаран Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндөгү эс алуу борборлорунун биринде ызы-чуу болуп жаткандыгын кабарлаган.

Жерине ыкчам-тергөө тобу барган. Тергөөнүн алгачкы маалыматына ылайык, эркин журналист Ыдырыс Исаков менен Ош шаарынын тургуну, 1964-жылы туулган Маматкерим Койчукуловдун ортосунда пикир келишпестиктен улам чыр чыккан.

Исаков өз көрсөтмөсүндө, жогорудагы дарек боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүп жаткан учурда Койчукулов “Сенин уруксатсыз видеого тартканга укугун барбы?” деп колу менен бетине чаап жибергендигин жана камерага асылып, камеранын микрофонун сындырып койгондугун билдирген.

Ал эми Маматкерим Койчукулов өз көрсөтмөсүндө, өзүн блогер катары тааныштырган Ыдырыс Исаков анын уруксаты жок видеого тарткандыгына байланыштуу ортодо пикир келишпестик пайда болгондугун айткан.

"Учурда журналисттин денесинен алган жараатын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Ошондой эле окуяга күбө болгондорду суракка камсыз кылуу максатында тергөө тапшырмасы берилип, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ош милициясы Ыдырыс Исаковго кол салуу фактысын иликтеп баштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
baltabai
2023-06-12 16:43:00
Шапалак
+3
Djansu
2023-06-12 17:07:00
жакшы кылдын молодец бул ото аша чаап кеткен болчу аймаакы катындай болуп эн туура кылдын муштап уруп сал
0
didu
2023-06-12 21:43:00
Жединби саттынбы чычалабай жооп бер
0
Azat-123
2023-06-12 22:43:00
Шапалак эч нерсе болбойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан