Президент эртең өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында эртең, 13-июнда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлайт.

Маалым болгондой, жыйында өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн абалы жана өнүгүү багыттары тууралуу маселелер, стратегиялык объектилердин тизмеси боюнча сунуштар каралат.

Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, президенттин Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэри жана башкалар катышат.

Жыйын УТРКнын түз эфиринде, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Түз алып баруу саат 10:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан