Мамлекет аскер кызматкерлерине кам көрүүгө тийиш. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 13-июнда Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
Мамлекет башчысы жоокерлерге атадай акыл-насаат айтып, энедей мээрим төгүп мамиле кылуу керектигин белгиледи.
"Ар бир аскер, мейли укук коргоо органдарынын же мейли атайын органдардын кызматкери болсун, ал – эң ириде кимдир бирөөнүн аска-тоодой атасы, же түбөлүк жары, же алмончоктой баласы. Бир эле кыргыз жоокерин жоготуу – бүтүндөй элибиздин орду толгус жоготуусу, кайгысы.
Биз, баарыбыз тынчтыкта, ынтымакта жашагыбыз келет. Тынчтык болсо, биримдик болсо мамлекетибиздин жаркын келечеги болот, кийинки муундарыбыз, урпактарыбыз бакубатчылыкта өмүр сүрөт. Дал ушундай максат үчүн мамлекетибиздин коргонуу жөндөмдүүлүгүн эң жогорку деңгээлде кармап турууга бардык күч-аракеттерибизди жумшашыбыз керек", - деди ал.
Мамлекет башчысы Коргоо министрлигинин жетекчилиги мезгилден артта калбай, мыкты эл аралык тажрыйбаларды иликтеп, талдап турушу керектигин белгиледи.
"Өлкөнүн коргонуу жөндөмүн бекемдөө жана күчтөндүрүү максатында өзүнүн күнүмдүк ишине мыкты методикаларды жана иштөө механизмдерин киргизиши керек. Ошол эле учурда Куралдуу күчтөрдүн жетекчилиги аскер кызматкерлеринин моралдык-психологиялык абалын ар дайым чыңдап турушу керек. Аскер кызматкерлеринин арасында чыр-чатакка жана уставдан тышкары мамилелерге жол бербей, алардын мекенчилдик сезимин, атуулдук ар-намысын жогорулатуунун үстүндө иштеп, аскер уставдарын так сактап, талаптарын так аткаруу керек", - деди Жапаров.
Ошондой эле ал мындай иштерде Кыргызстандын жаңы Аскердик доктринасын ишке ашыруу олуттуу көмөк көрсөтөрүн кошумчалады.