Өлкөдө беш объектке стратегиялык статус берилет

Бүгүн, 13-июнда өлкө башчы Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анын жыйынтыгы боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Анда Министрлер кабинетине төмөнкү объекттерди Стратегиялык объекттердин тизмесине киргизүү сунушталды:

Раззаков аэропорту — улуттук коопсуздукка түз тиешеси бар, Баткен эли үчүн маанилүү тиричилик объектиси;

"Учкун" басмаканасы — улуттук паспорт сыяктуу маанилүү документтер басылып чыкчу жай;

"Гознак" ЖЧКсы — мамлекеттик маанидеги документтерди даярдайт;

Башкы прокуратуранын маалыматтык автоматтык тутумдары жайгашкан имараттары — маалыматтык коопсуздукту камсыздоо зарыл;

Жалал-Абад шаарындагы учкучсуз учактар аэродрому;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине төмөнкү объекттерди Стратегиялык объекттердин тизмесине киргизүү сунушталат:

– “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун Баткен облусунун Раззаков шаарындагы филиалы;

– “Учкун” ачык акционердик коому;

– “Госзнак” жоопкерчилиги чектелген коому;

– Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын эң маанилүү автоматташтырылган маалыматтык тутумдары (дата-центр) жайгашкан айрым имараттары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан