Баткен районунун эки айыл өкмөтүндө өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Баткен районунун Суу-Башы жана Кыштут айыл өкмөттөрүнө селдин кесепетинен улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Учурда район акими, ӨКМ жана жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жеринде тактоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Ага ылайык, Баткен районунун акиминин буйругу менен өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, тиешелүү кызматтар өз тармагында кечиктирилгис чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Эске салсак, кечээ 12-июнда нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен районунун Суу-Башы жана Кыштут айыл өкмөттөрүнүн аймагында сел жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан