Баткендин айрым айылдарында сел жүрдү (видео)

Баткендин айрым айылдарында жаандын кесепетинен улам сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 12-июнда катуу жааган жаандан улам саат 19:40тар чамасында Баткендин Бөжөй, Кара-Токой, Боз-Адыр жана Согмент айылында нөшөрлөп жааган жаандан улам 200 метр ички чарбалык арык жана 25 чарбак тилкесине сел суулары кирген. Селдин кесепетинен эгин талаалары зыянга учураган эмес.

Мындан тышкары Айгүл-Таш–Согмент–Таян жолунун 5-8-чакырымдарында, ошондой эле 10-17-чакырымдарында да сел түшкөн.

Белгилей кетсек, сел жүргөндүгүнө байланыштуу бүгүн, 13-июнда Баткен районунун акими, ӨКМ кызматкерлери, архитектура, Санэпидкөзөмөл жана медицина кызматы, №2 жол тейлөө жана ветеринардык кызматынын өкүлдөрү текшерүү максатында жумуш алып барууда.

Баткенде сел жүрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2023-06-13 15:49:00
Селден кудай сактаасын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан