
Сокулукта эки жашар бөбөктүн сабаган киши абактан бошотулду. Мындай чечимди бүгүн, 13-июнда Жогорку Сот кабыл алды.
Буга чейин шектүү катары кармалган Александр Самаркин аттуу 35 жаштагы тургунду райондук сот беш жылга кескен. Бул чечимди облустук сот да күчүндө калтырган болчу.
Бирок бүгүн Жогорку Сот мурда чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарды. Соттун маалымат кызматы белгилегендей, коллегия иштин жагдайын жана соттолуучунун жеке сапаттарын эске алуу менен ал коомчулуктан оолактатылбай эле оңоло алат деген бүтүмгө келген. Мындан улам, шектүү сот залынан бошотулган.
Ал эки жыл пробациялык көзөмөлдө болот.
Эске салсак, 2022-жылдын 3-февралында Сокулук аймактык ооруканасына денесинен ар кандай жаракат алган эки жашар наристе түшкөн. Анын ата-энеси кармалган шектүүнүн малын карап иштегени айтылган.