"Келишимдеги нормалар бузулбайт". Президенттин маалымат кызматы Кемпир-Абадга байланыштуу тарап жаткан маалыматтар боюнча комментарий берди

Социалдык тармакта айрым жарандар Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жалган маалыматтарды таратып жатышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымына караганда, "Кыргызстандын аймагы тарабындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгине Өзбекстан туристтик эс алуу жайларын курат" деген жалган билдирүүлөр тарап жатат.

"Андай маалыматтарды таратуу менен бирге, элде нааразычылык маанай жарата турган чакырыктарды кылышууда. Булар кайсы бир саясий топтордун жана саясатчылардын тарапташтары. Атайын чагымчыл маалыматтарды жайылтуу менен, өздөрүнүн максаттарын ишке ашырууну көздөшүүдө.
Тактап коёлу эч кандай эс алуучу жайлар, курорттук аймактар курулбайт. Келишимде көрсөтүлгөн нормалар бузулбай сакталат. Суу сактагычтын плотинасын башкаруу теңме-тең эки өлкөнүн көзөмөлүндө болот. Кыргызстан тараптагы аймактын жашоочулары сууну колдонуу, сууга түшүү жана пайдалануусуна чектөө болбойт.
Андыктан элдин пикирин бузуу максатында жалган маалымат таратып жаткандарды чагымчылдык кылбоого чакырабыз", - деп жазган Орунбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан