"Чөп өсүп жатат". Базар-Коргон районунун тургуну жаңы салынган тротуардын сапатына нааразы болду

Бүгүн, 14-июнда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Чарбак айылынын тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылды. Анда окурман тротуардын сапатсыз салынганына нааразы болду.

Жергиликтүү тургундун айтымында, айылдагы тротуар сапатсыз салынгандыктан учурда чөп өсүп жатат.

"Тротуар былтыр жайында курулуп, күзүндө пайдаланууга берилген. Сапаты начар болгондуктан бир жыл боло электе тротуарга чөп чыгып, ар кайсы жеринен жарылып жатат" дейт ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Базар-Коргон районунун тургуну жаңы салынган тротуардын сапатына нааразы болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан