Депутат ЖОЖдо бюджеттик негизде окугандарды аймактарда 6 жыл иштөөгө милдеттендирүүнү сунуштады

Бүгүн, 15-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев мамлекеттик жогорку окуу жайларында бюджеттик негизде окугандарды окуусун аяктагандан кийин аймактарга барып кеминде 6 жыл иштөөгө милдеттендирүүнү сунуштады.

Ал аймактарда кесипкөй адистер жетишпей жатканын жүйө келтирди.

"Бизде мамлекеттин эсебинен бюджетте окутулган студенттер бар. Аларды 6 жыл мамлекет бекер окутат. Бирок алар окуу жайын бүтүргөндөн кийин чет өлкөгө кетүүгө же Бишкекте калууга аракет кылышат. Окууга тапшырып жаткан учурда Саламаттык сактоо министрлиги алар менен "Сиз окууну аяктагандан кийин биз айткан аймакка барып, 6 жылдан кем эмес иштеп бересиз" деп келишим түзүшү керек. Ушуну ишке ашырсак, күчтүү адистердин айыл жергесине барып иштөөсүнө өбөлгө болот", - деди Абдалиев.

Ошондой эле ал Саламаттык сактоо тармагын мисал катары гана айтканын, андан башка тармакта дагы канчалаган окуу жайларда мамлекеттин эсебинен бекер окутуларын кошумчалады.

Жогорку Кеңеш 15.06.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан