Жамгырчиев: "Облустук телеканалдардын кызматкерлери маянасын ала албай жатат"

Облустук телеканалдарда иштеген 150дөн ашык кызматкер март айынан бери маянасын ала албай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Эмил Жамгырчиев билдирди.

Депутат президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылып, бул маселени тез арада чечип берүүнү өтүндү.

"Бул бириктирип койгондун кесепетинен болуп жатат. Жакшылап карап койсоңуздар. Маданият тармагын чагылдырып, маалымат берген ушул телеканалдар да. Көңүл буруп койсоңуздар", - деди Жамгырчиев.

.

Жогорку Кеңеш 15.06.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан