Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова “Медиахаб” сайтынын журналисти Асел Шамилованы сотко берерин билдирди.
Эл өкүлү журналист анын кадыр-баркына шек келтиргенин айтты.
“Менин үй-бүлөмө чейин жалаа жаап жатат. Коррупционер болсом ошол жерден (соттон) аныктап берсин. Мен Кудайдын, мыйзамдын алдында тазамын”, - деди Нарматова.
Ошондой эле ал өзү иштеп чыккан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору бейөкмөт уюмдардын ишине, сөз эркиндигине кедергисин тийгизбей турганын кошумчалады.
Надира Нарматова тууралуу “Медиахабдын” видеосу 14-июнда жарыяланган. Анда Асел Шамилова документтин 98 пайызы Орусиянын “Чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлгөндүгүн белгилеп, ошондой эле Нарматованын бейнеси тууралуу кеп кылат.
Эске салсак, өткөн жылдын 21-ноябрында Надира Нарматова "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок, 8-июндан тарта бир катар депутаттар авторлуктан кайра баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып чыгышты.