"Кайра 20-кылымга алып баратасыңар". Жумабеков “Ички миграция жөнүндө” мыйзам долбоорун сынга алды

Бүгүн, 15-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Ички миграция жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун депутаттарга санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева тааныштырды.

Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 1-бөлүгү концептуалдык жактан өзгөртүлүп, жарандарды жашаган жерин алмаштырган сайын жазуу жүзүндө же мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук порталы же мобилдик тиркеме аркылуу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жаңы дарегин көрсөтүп, жашаган жерин өзгөртүү жөнүндө арыз менен кайрылууга милдеттендирген ченем каралган.

Мында жаранды жаңы жашаган жери боюнча каттоо арыз келип түшкөн күнү турак жай берген адам тарабынан турак жайды берүү фактысы жазуу жүзүндө же онлайн түрдө ырасталгандан кийин жүргүзүлөт, ошондой эле онлайн каттоодо жарандарды жашаган жери өзгөргөндө каттоонун тартиби, ошондой эле колдонуучуларды аутентификациялоо Министрлер кабинети тарабынан аныкталат деп болжолдонууда.

Талкуу маалында депутаттар Эльвира Сурабалдиева менен Жалолидин Нурбаев 17-беренедеги убактылуу жашаган жери боюнча, 45 календарлык күндөн ашык мөөнөткө каттоо нормасын алып салуу себептерин тактады.

Эл өкүлү Дастанбек Жумабеков да каттоо маселесин көтөрдү.

"Өзүңүз баяндамаңызда 21-кылымда жашап жатабыз, технологиянын заманы дейсиздер дагы, кайра эле жаңы жашаган жери боюнча каттоого туруп, анан иштеш керек деп 20-кылымга кетип калып жатасыздар. Конституциянын 31-беренесинде, "Ар бир жаран Кыргызстандын аймагында эркин жүрүүгө, баруучу жана жашоочу жерлерди тандап алууга укуктуу" деп жазылып турат. Болду, бүттү. Ал эркин жүрүүгө укуктуу. Ал башка өлкөгө барса каттоого турса болот. Кыргызстандын кайсы аймагында жүрбөсүн анын бир гана туруктуу жашаган дареги көрсөтүлсө жетиштүү болушу керек", - деди Жумабеков.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, 58 депутаттын макулдугу менен биринчи окууда жактырылды.

Жогорку Кеңеш 15.06.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан