Бүгүн, 15-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Эльвира Сурабалдиева менен Надира Нарматова кайым айтышты.
Сурабалдиева төраганын орун басарлары жыйын учурунда бардык депутаттарга бирдей шарт түзүп бербей жатканына нааразы болду.
"Кээ бирөөбүз процессуалдык маселелер боюнча чыксак, өкмөт мүчөлөрүн жооп бербегиле деп отургузуп коёсуңар. Урматтуу төраганын орун басарлары, жакында эле мен сүйлөгөндө, "Жооп бербей эле койгула, процессуалдык маселеге жооп берүүгө милдеттүү эмессиңер" дегенсиңер. Айрымдарга мыйзам башкача иштейби, бул кандайча? Баарына бирдей мамиле кылыңыздар. "Ата-Журттун" депутаттарына өзгөчө мамиле кылып, башкаларга бөтөнчө мамиле кылбай", - деди Сурабалдиева.
Андан соң Надира Нарматова кесиптештерин бири-бирине сый-урмат менен мамиле кылууга чакырды.
"Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ар кандай кырдаал болуп калат. Экинчиден, "Ата Журтка" тийишпей эле, сөйкөнбөй эле ар ким өзүнүн мыйзам ченемдүү милдетин аткара берсин. "Ата Журт Кыргызстан" да эч кимге тийишкен жок. Өзгөчө көңүл бурууга да муктаж эмеспиз. Өзүбүздүн милдетибизди аткарып жатабыз. Сый-урмат менен иштейли. Биз дагы 3,5 жыл чогуу иштешибиз керек", - деди Нарматова.