Америкалык актёр Аль Пачино 83 жашында балалуу болду

Белгилүү актёр Аль Пачино 83 жашында балалуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, актёр менен 29 жаштагы Нур Альфаллах уулдуу болушкан. Аль Пачино баласына Роман деген ысымды ыйгарган.

Белгилей кетсек, бул Аль Пачинонун төртүнчү баласы. Актёрдун уулунан башка Яна Тарранттан 33 жаштагы Жулия Мария аттуу кызы жана актриса Беверли Д'Анжелодон 22 жаштагы Антон Жеймс жана Оливия Роуз аттуу эгиз балдары бар.

Ал эми 29 жаштагы Нур Альфаллах мурда өзүнөн бир топ улуу адамдар менен сүйлөшүп жүргөнү менен белгилүү. Альфаллах Аль Пачиного чейин 78 жаштагы Мик Джаггер жана 91 жаштагы Клинт Иствуд менен мамиледе болгон.

Эске салсак, Аль Пачино америкалык актёр, режиссер жана сценарист катары таанымал. Ал "Мен, Натали", "Өкүл ата", "Аялдардын жыты" жана башка тасмаларга катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан