Бишкек гарнизонунун 2 миңге жакын кызматкери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Борбордук Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) турниринин алкагында Кыргызстан менен Ирандын курама командалары беттешет. Анда Бишкек ШИИББинин 2 миңге жакын кызматкерлери коомдук коопсуздук тартибин көзөмөлдөйт.
Бишкек ШИИББи жарандарды коомдук тартипти бузбоого жана стадиондун аймагына тыюу салынган буюмдарды алып келбөөгө чакырат.