АКШда торнадонун кесепетинен 100дөн ашык адам жаракат алды. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жазып чыкты.
Маалым болгондой, кырсык Техас штатындагы Перритон шаарында болгон. Анда торнадодон 3 адам каза болгону айтылууда.
Ошондой эле 200гө жакын үй урап, телекоммуникация мамыларына олуттуу зыян келтирилген. Табигый кырсыктын кесепетинен 230 миң жаран электр жарыгысыз калган. Учурда каза болгондор жана жоголгондор боюнча маалыматтар такталууда.