Өмүрбек Бакировду мандатынан ажыратуу чечимине депутаттар кандай пикирде?

Бишкек шаардык административдик соту 7-июнда Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округунда шайлоонун жыйынтыгы тууралуу БШКнын чечимин жокко чыгарганы маалым болду.
Мунун натыйжасында шайлоо өткөн жок деп табылып, Өмүрбек Бакиров депутаттык мандатынан ажыратылат. Эл өкүлү бул чечимди "акылга сыйбаган, мыйзамсыз чечим" деп атап, жогорку инстанцияга кайрыларын билдирди.
Соттун чечимине депутаттар кандай пикирде, сурап көрдүк.
Акбөкөн Таштанбеков: - Шайлоодон кийин эң эле көп дегенде 1 айдын ичинде чечим кабыл алыш керек. Дээрлик 2 жыл өткөндөн кийин чечим чыкканы туура эмес.
Чыңгыз Айдарбеков: - Бул өтө өкүнүчтүү. Жогорку инстанцияларда адилеттүү чечим чыгат деп ишенем. Эгер болбосо, бул маселени парламентте карап, саясий баа беришибиз керек.
Акылбек Түмөнбаев: - БШК шайлоодон кийин үч күндүн ичинде карашы керек. Соттун чечими мыйзамсыз.
Марлен Маматалиев: - Мындайга жол бербейли деп айтмакчымын. Бул парламенттик системанын бузулуусуна жана ар дайым оппоненттердин арасында мандат талашууга жол ачат.
Дастанбек Жумабеков: "Жогорку Кеңешти жана президентти шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзам бар. Ошол бузулуп атат.
Толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан