Кечээ, 16-июнда президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өткөн Кыргызстан менен Ирандын улуттук курама командаларынын ортосундагы футболдук беттешине барды.
Кыргызстандын футбол курама командасы Иранга 1:5 эсебинде утулуп калды.
Беттеш Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) эл аралык турниринин алкагында өттү.
Эми аталган эл аралык турнирдин алкагында биздин улуттук курама команда Ташкентте 3-орун үчүн 20-июнда беттеш өткөрөт.