Бүгүн, 16-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Иран курама командалары кез келип, оюн 5:1 эсебинде Ирандын жеңиши менен аяктады.
Кыргыз курамасынан жалгыз голду чабуулчу Мирлан Мурзаев киргизди. Ал эми Ирандан "Порту" клубунун чабуулчусу Мехди Тареми хет-трик жасаса, "Байер" клубунун чабуулчусу Сердар Азмун дубль жасады.
Муну менен Кыргыз курамасы өзүнүн тайпасында экинчи орунду алды. Эми алар Ташкентте "CAFA Nations Cup 2023" турниринин үчүнчү орунуна ойнойт.