Казакстандын борбору Астанада куураган жыгачтан өрт чыкты

Казакстандын борбору Астана шаарында өрт чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары билдиришүүдө.

Маалым болгондой, бүгүн, 19-июнда Астана шаарынан алыс эмес аймакта куураган жыгачтар күйүп кеткен. Өрт болжол менен 15 гектар аймакты камтыган.

Жергиликтүү тургундар шаардын ар кайсы бөлүгүндө түтүн жыттанып жатканын айтып нааразы болууда.

"Өрт Коргалжын автожолу менен Косшаны көздөй айланма жолдун ортосунда куураган отундан чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр 15 гектар аянтты алдын ала өчүрүү иштерин жүргүзүүдө", — деп билдирген Астананын Өзгөчө кырдаалдар департаменти.

Ошондой эле департаменттен кабарлашкандай, катуу шамал, саздак жер жана кирүүчү жолдордун жоктугунан өрттү өчүрүү мүмкүн болбой жатат.

Учурда өрттү өчүрүү үчүн 100 адамдан турган өрт өчүрүүчүлөр, Астана шаарынын Өзгөчө кырдаалдар департаментинин 10 даана техникасы, ошондой эле шаар акимдигине караштуу 8 техника иштеп жатканы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан