Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков абактан чыкты

Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун баш коргоо чарасын өзгөрттү. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Билдирг ылайык, ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүсү баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз менен кайрылган. Шектүү тергөө аяктаганга чейин, тагыраагы 24-июнга чейин үй камагына чыгарылган.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-октябрында ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен иш козголгон. 2023-жылдын 24-январында Жеңиш Разаков кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Андан соң ИИМ анын кармалышы боюнча маалымат берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан