Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министрине көңүл айтты

Өлкө башчы Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифке көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

“14-июнда Жер Ортолук деңизинде пакистандык жарандарды алып бара жаткан кеменин кырсыкка учурашынын кесепетинен болгон адам курмандыктары тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Пакистан элине, ошондой эле курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө чын жүрөктөн көңүл айтуу менен бирге, жарадар болгондордун тезирээк сакайып кетишин каалайм.

Бул оор убакытта биз орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Буга чейин Ливиядан Италияга мигранттарды ташып бара жаткан кеме оодарылып, 300дөй пакистандык каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан