Казакстандын Абай облусундагы балдар акыйкатчысы Элзира Жунусова Семей шаарында 21-июнга белгиленген "Би-2" тобунун концертин токтотууга чакырды. Ал өлкөдөгү трагедиялуу окуялар учурунда шоу өткөрүүнү орунсуз деп эсептейт. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.
"Кечээ биз токойдогу өрттөн каза болгондордун акыркысы менен коштоштук. Бул жөнүндө жазуу абдан өкүнүчтүү. Жакында биздин Семей шаарына "Би-2" тобу барганы тууралуу маалыматты көрдүм. Концерт эки күндөн кийин болот. Бул каза болгондорго карата туура эмес болот деп ойлойм", – деди Жунусова.
Ал концерттин уюштуруучуларына жана билеттерди сатып алган күйөрмандарга анын демилгесине жана жалпы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.
"Концерт коё турган учур эмес. Жоготуунун оору кете элек. Убакыт келип, майрамдык иш-чаралар улантылат", - деди акыйкатчы.
Абай облусунда токой өртү чагылгандан кийин 8-июнда башталган. Натыйжада "Семей ормана" коругунун 14 кызматкери каза болгон. Акыркы маалыматтар боюнча өрттүн аянты 60 миң гектардан ашты.
Буга чейин Бишкекте 18-июнда Спорт сарайында боло турган "Би-2" тобунун концерти белгисиз себептерден улам болбой турганы айтылган.