ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары интеграциялык инфраструктуралык транспорттук долбоорлордун тизмесин бекитишти. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев бүгүн “Транспорт коридорлорун өнүктүрүү - ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин соода-транзиттик потенциалын ишке ашыруунун стратегиялык багыты” аттуу тегерек столго катышты.
Өз сөзүндө Арзыбек Кожошев өлкөдөгү транспорттук коммуникацияларды өнүктүрүүнүн келечегине токтолду.
“Уюмга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык транспорттук долбоорлордун тизмесин бекитишти. Кыргызстандан тизмеге "Луговая – Балыкчы" темир жол участогун электрлештирүү долбоору кирди. Ошондой эле кирүү алдында турган дагы эки долбоор бар, алардын бири Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ "Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал – Жалал-Абад" темир жол долбоору. Экинчиси Бишкектеги түндүк айланма жолун реконструкциялоо", - деди ал.
Ошондой эле Кожошевдин айтымында, темир жол курулуш долбоорлорун алдыга жылдыруу Кыргызстан үчүн стратегиялык жактан такталган жана маанилүү кадам болуп саналат. Өлкөнү жарым-жартылай транспорттук изоляциядан чыгарууга багытталган инфраструктуралык долбоорлорду колдоо артыкчылыктуу болуп эсептелет жана азыркы шарттарды эске алуу менен, өлкөнүн региондорун темир жол аркылуу бириктирүү маанилүү. Бул анын экономикасын өнүктүрүүгө, ишкердик жигердүүлүктү жана өлкөнүн ичиндеги сооданы жогорулатууга кошумча стимул болот.
Белгиленгендей, инфраструктуралык долбоорлордун тизмеси Кыргызстандын эки жаңы долбоору менен толуктоо жөнүндө буйруктун долбоору ЕЭК Коллегиясында каралган жана Комиссия кеңешинин июль айына белгиленген отурумунун күн тартибине киргизилген.
“Долбоорлорду ишке ашыруу бирдиктүү ички темир жол тармагын түзүүгө гана эмес, Кыргызстандын аймагы аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрү багытында жана карама-каршы багытта жүктөрдү экспорттук-импорттук жана транзиттик ташууларды ишке ашырууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле жүктөрдүн жана жүргүнчүлөрдүн транзитинин ыңгайлуу жана тез өтүшүнө шарттарды түзүп, транспорттук коопсуздуктун деңгээлин жогорулатат", - деди Кожошев.