Бүгүн, 20-июнь – Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнү. Бул күн БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2000-жылдын 4-декабрындагы резолюциясы менен белгиленип, биринчи жолу 2001-жылы өткөрүлгөн.
Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссариатынын акыркы отчетуна ылайык, дүйнө калкынын болжол менен 3,6 пайызы өлкөсүнөн алыста жашайт.
Акыркы учурда согуштар, өлкөдөгү чыр-чатактар, кирешенин аздыгы жана туура эмес жүргүзүлгөн саясат сыяктуу миграциянын белгилүү себептер жана табигый кырсыктардын кесепетинен өз жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон адамдардын саны өсүүдө.
Өз өлкөсүнөн кетүүгө мажбур болгондор "качкын" деп аталганы менен Женева Качкындар Конвенциясында: “качкын” статусу- дини, улуту, белгилүү бир социалдык топко мүчө же саясий көз караштарынан улам өз өлкөсүнөн кеткендерге соттук процесстен кийин берилет” -деп жазылган.
БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын өткөн жылы бөлүшкөн маалыматтарына караганда, 2020-жылы болжол менен 281 миллион адам же дүйнө калкынын 3,6 пайызы ар кандай себептерден улам туулган өлкөсүнөн же аймагынан көчүп кетүүгө аргасыз болгон.
Алардын ичинен Европа континентине 86,7 миллион, Азия континентине 85,6 миллион, Түндүк Америкага 58,7 миллион, Африка континентине 25,4 миллион, Латын Америкасына жана Кариб деңизинин аймагына 14,8 миллион жана Австралияга 9,4 миллион адам көчүп барган.
Ал эми БУУнун быйылкы отчетунда 2022-жылы куугунтук, кагылышуу, зордук-зомбулук, адам укуктарынын бузулушу сыяктуу окуялардан улам дүйнө жүзү боюнча 108,4 миллион адамдын жер которууга мажбур болгондугу билдирилди. Алардын ичинен зомбулукка кабылгандар 35,3 миллион, ички жер которгондор 62,5 миллионду түзсө, 5,4 миллион адам башпаанек издесе, 5,2 миллиону эл аралык коргоого муктаж адамдар экени белгиленди.
Ошондой эле жалпы жер которгондордун 52 пайызын сириялык, украиналык жана афган тектүү эл экени айтылды.
БУУнун 2023-жылдын 6-июнундагы маалыматына караганда, Украинадагы согуштан улам бир жарым жыл ичинде 6,3 миллион адамдын өлкөдөн чыгып кеткен.
Көп учурда качкындарды өнүгүп келе жаткан өлкөлөр кабыл алышат. Статистикалык маалыматтарга караганда, качкындардын 76 пайызы экономикасы эми өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө барышат. Ал эми өнүккөн өлкөлөр алардын 20 пайызына гана жардам көрсөтөт.
Белгилей кетсек, ар кандай себептерден улам өз өлкөсүн таштап кетүүгө мабжур болгондордун саны 1993-жылы 40 миллион болсо, 2022-жылы бул көрсөткүч 110 миллионго жеткен.