
Бишкектин четиндеги Шопоков шаарында ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-июнда Сокулук районунун Шопоков шаарында темир жол бекетинин аймагында нефтьбазадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине үч өрт өчүрүүчү машина жана ӨКМнын Чүй облусу боюнча ыкчам тобу тартылды.
Учурда өрттү өчүрүү иштери уланууда.