Бүгүн, 20-июндагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин 2022-жылга жана 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулду.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, аталган маселе боюнча Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев баяндама жасады. Ал эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн негизги багыттарына жана соода-экономикалык алакаларга токтолду.
"Акыркы бир жылда эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 180 миллион долларды түздү. Германияга экспорттун көлөмүн көбөйтүү боюнча иштер аткарылып, эки өлкөнүн ишканаларынын ортосунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, Кыргызстанга инвестицияларды тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө", - деди Текебаев.
Депутаттар Германиядагы кыргызстандыктардын укуктук абалын жакшыртуу, аларды ишке орноштуруу маселелерине көмөк көрсөтүү боюнча элчиликтин аракеттерин күчөтүүгө чакырышты. Буга Өмүрбек Текебаев Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен Германиянын иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумдун алкагында Кыргызстандын жаштарын Германиянын орто техникалык окуу жайларына үч жылдык окууга тапшыруу боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын маалымдады.
Муну менен катар эл өкүлдөрү инвестиция тартуу, ар кандай тармактарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, ардактуу консулдар институтун өнүктүрүү маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле билим берүү жана илим, каржы-техникалык, туризм жаатында байланыштарды кеңейтүүгө көңүл бурулду.