Орусиядагы Тыва Республикасынын борбору Кызыл шаарында 24 жаштагы кызды чак түштө бычактап кетишти. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, кол салган адам чак түштө Арата аянтында өтүп бара жаткандардын көзүнчө 24 жаштагы кызга кол салып, ага бир нече жолу бычак сайган. Кыз ошол жерден каза болгон. Кийинчерээк кылмышка шектүү кармалды, ал 36 жаштагы жаран болгон.
Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, кылмышкер каза болгон кызды жаңылыштык менен бычактап алган. Ал башка кызга кол салууну көздөгөн.
Учурда кылмышкер камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.