"Кемчиликтердин үстүнөн иштейбиз". Кыргызстандын футбол боюнча кураманын машыктыруучусу оюн тууралуу пикирин айтты

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович CAFA Nations Cup 2023 турниринин алкагында Кыргызстан менен Омандын оюнчуларынын беттеши боюнча комментарий берди.

"Оюндун жыйынтыгы капаландырат. Албетте, бүгүнкү беттеште командабыз көп нерсеге жөндөмдүү экенин далилдеп, көрсөткүбүз келген. Менин оюмча, оюн эки тараптан тең жакшы өттү, айрыкча экинчи бөлүктө биздин футболчулар атаандаштын дарбазасында көптөгөн кооптуу учурларды жаратууга жетишти, бирок кайра эле аракеттер майнапсыз болду. Кемчиликтердин үстүнөн иштейбиз", - деди башкы машыктыруучу.

Ошондой эле Таркович команданын өзүнчө оюн мүнөзүнө ээ болгондугу аны кубандырарын кошумчалады.

"Эки курама тең беттеште күчтүү жактарын көрсөттү, бирок ийгилик бүгүн атаандаш тарапта болду", - деп пикирин билдирди ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 20-июнда Ташкент шаарында өткөн беттеште Кыргызстандык курама командасы 3-орун үчүн Оманга каршы беттеш өткөргөн. Анын жыйынтыгында "Ак шумкарлар" жеңилип калган.

CAFA Nations Cup-2023 – Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн курамалары үчүн өткөрүлүп жаткан мелдеште Афганистан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Оман жана Өзбекстандын командалары катышты. Эл аралык мелдеш быйыл биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Бул жылы аталган турнирдин жеңүүчүсү Ирандын командасы болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2023-06-21 11:59:00
жашы өтүп чуркай албай калган футболчунун ордуна жаш энергичный шамдагай балдарды алып келсеңер кемчиликтин үстүнөн иштеген болосуңар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан