Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы "CAFA Nations Cup 2023" турниринин алкагында Оманга утулуп калышты.
Үчүнчү орун үчүн болгон беттеш 0:1 эсебинде атаандаштын пайдасында аяктады. Беттештеги жалгыз гол экинчи бөлүктө жаралды.
Муну менен Кыргыз курамасы аталган кубокто сегиз команданын ичинен төртүнчү орунду ээледи.