Эдил Байсалов: "Кыргызстан мектептерде 12 жылдык билим берүү системасынан баш тарткан жок"

Кыргызстан мектептерде 12 жылдык билим берүү системасынан баш тарткан жок. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан мектептерде 12 жылдык билим берүү системасына өтөт.

"Батыштан башталып, Кытай, Казакстан, Сингапурду кошкондо дүйнөдөгү бардык өлкө 12 жылдык билим берүүнү колдонот. Себеби азыр маалыматтын көлөмү ошончолук көп. А кыргыздар 12 жыл окубашы керек имиш. Билим берүүдөгү реформаны бир жылдан бери күтүп жатабыз. Бир жыл күттүрүү менен биз 200 миңдей окуучунун келечегин тосуп жатабыз. Бул жерде биз тамаша айтып жаткан жокпуз", -деп айтты Байсалов.

Ошондой эле Байсалов 12 жылдык билим берүү жөнүндөгү реформаны жүргүзүүгө Жогорку Кеңеште бир депутат тоскоол болуп жатканын, мектептер ошол депутаттын жообун күтүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан