Учурда Жогорку Кеңеште Адахан Мадумаровду кол тийбестигинен ажыратып, жоопко тартуу үчүн жабык режимде жыйын өтүп жатат. Мадумаровдун маселеси боюнча түзүлгөн комиссия тууралуу депутат Исхак Масалиев журналисттерге өз оюн билдирди. Эл өкүлү комиссия чечим кабыл алууга шашылып жатканын айтты.
"Прокуратура Адахан Мадумаровду жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңештен уруксат сурап жатат. Комиссия азыр катардагы жыйынын өткөрүүдө. Алар шашып, эртең чечим чыгарабыз деп жатышат. Себеби кийинки жумада Курман айт болот, депутаттар айылдарга чуркап кетип калышы мүмкүн. Ачык айтканда, формалдуу эле болуп жатат. Депутаттарга алардын ээлери кандай буйрук берсе, ошондой деп добуш беришет", - деп билдирди эл өкүлү.
Ошондой эле Масалиев мурдагы комиссияга мүчө болгонун, азыркы комиссиянын курамындагы кесиптештери бир аз өздөрүн жоготуп жатканын билдирди.
Эске салсак, Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду жоопко тартуу үчүн парламенттен экинчи жолу уруксат сурап жатат. 2022-жылы январь айында Мадумаровго ал 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу сурак берип чыккан. Ал учурда Жогорку Кеңеш Мадумаровду жоопко тартууга уруксат берген эмес.
Быйыл 31-майда болсо парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев Мадумаровго "Кылмышка даярдык көрүү", "Бийликти күч менен басып алуу", "Бийликтен аша чабуу" беренелери боюнча жоопко тартуу тууралуу сунуштама түшкөнүн билдирген.