Режиссёр Жеймс Кэмерон "Титаник" кемесин көргөнү кетип дайынсыз жоголгондор каза болгон деп эсептейт

"Титаник" тасмасынын режиссёру Жеймс Кэмерон "Титан" суу астында жүрүүчү кемесинин экипаждары каза болгон деп эсептеп, Орус океанографы Анатолий Сагалевичке көңүл айтты. Бул тууралуу Анатолий Сагалевич Риа Новостиге билдирген.

Маалыматка ылайык, дайынсыз жоголгон суу астында жүрүүчү кеменин ичинде океанограф Анатолий Сагалевичтин досу Пол-Анри Наргеоле дагы болгон. Өз кезегинде Жеймс Кэмерон кеменин экипаждарынын бардыгы каза болду деп эсептеп, Анатолий Сагалевичке байланышып көңүл айткан.

"Албетте, ал мага көңүл айтты. Ал менин Пол Наргеоле менен болгон достугубузду билет. Досторуң бирден кетип жатат дейт. Ал баары бүткөн деп эсептээрин айтты", - деген Сагалевич.

Анатолий Сагалевич Орусиянын деңиздеги "Мир-1" жана "Мир-2" суу астындагы кемелерин жаратуучусу. Кэмерон аларды 1997-жылы "Титаник" тасмасын тартууда колдонгон.

"Титаник" кыйраган жерге туристтерди жеткирген суу астында жүрүүчү "Титан" кемеси жоголгондугу тууралуу 19-июнда Бостон шаарынын жээк күзөт кызматы кабарлады. Алдын ала версия боюнча, аппарат 2900 метр тереңдиктеги риф менен кагылышы мүмкүн. Бортто британиялык миллиардер жана саякатчы Хэмиш Хардинг, пакистандык ишкер Шахзад Дауд жана анын уулу Сулейман, француз изилдөөчүсү Пол-Анри Наргеоле жана кеме компаниясынын башкы директору Стоктон Раш бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан