Германия Федеративдүү Республикасынын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
“Манас” эл аралык аэропортунан жогорку даражалуу мейманды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.
Иш сапардын алкагында Германиянын федералдык президенти өлкө башчы Садыр Жапаров менен жолугат, анда тараптарды өз ара кызыктырган кыргыз-герман өнөктөштүгүн чыңдоо жана мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.