Кыргызстан Германия менен биргеликте "жашыл" экономиканы курууга кызыкдар 

Бүгүн, 22-июнда Садыр Жапаров Германиянын федералдык президенти менен жолугушуусунда Германия менен биргеликте "жашыл" экономиканы түзүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Анда мамлекет башчысы Кыргызстан өзүнүн өнүгүү жолунда дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү сыяктуу эле, негизинен жаратылыш ресурстарын интенсивдүү пайдалануунун эсебинен экономикалык өсүшкө жетишүүгө багыт алып келгенин белгиледи. Мындай мамиле экосистемага терс таасирин тийгизип, натыйжасыздыгын көрсөттү.

Садыр Жапаров 2050-жылга чейин Кыргызстан "жашыл" өнүгүү платформасында көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кыларын баса белгиледи. Бул көмүртексиз саясаттын локомотиви кайра жаралуучу энергия, биринчи кезекте гидроэнергетика болмокчу. Кыргызстанда күндүн жана шамалдын энергиясын пайдалануу үчүн зор потенциал бар.

Мындан тышкары, Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалын эске алуу менен президент "жашыл" суутекти иштеп чыгуу жана пайдалануу чөйрөсүндө Германия менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп өттү.

Мамлекет башчысынын айтымында, 2023-жылдын башында Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызын "жашыл экономика" чөйрөсүндөгү долбоорлорго конверсия механизмин колдонуу менен реструктуризациялоо демилгеси көтөрүлгөн. Кыргызстан бул маселеде Германиянын колдоосуна үмүт артат. Ошондой эле ал Германия тараптын "Жашыл Борбордук Азия" демилгесин натыйжалуу ишке ашырууга даяр. Мындан тышкары, ал региондо климаттын глобалдык өзгөрүүсүн эске алуу менен "жашыл экономиканы" өнүктүрүүгө жана коопсуздукту камсыздоого реалдуу салым кошорун кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан