Учурда интернетте АКШнын президенти Жо Байдендин Индиянын гимни коюлуп жаткан учурда оң колун көкүрөгүнө койгон видеосу тарап жатат. Анда АКШ лидери жаңылышып колун көкүрөгүнө коюп алганын, бир аз убакыттан кийин өз катасын түшүнүп, колун акырын түшүргөнүн көрүүгө болот.
Белгиленгендей, 20-июнда АКШга Индиянын премьер-министри Нарендра Моди расмий иш сапары менен барган. Ал эми видеодогу окуя 21-июнда эки өлкөнүн гимни жаңырган учурда болгон.
Эске салсак, буга чейин АКШнын 80 жаштагы лидеринин Аскердик аба күчтөрү академиясынын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземинде жыгылып түшкөн жана тик учактан чыгуу учурунда учакты сүзүп алган видеолору интернетке тараган.