Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер эки күндөн бери Кыргызстанда расмий иш сапары менен жүрөт. Эки жолу президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Штайнмайер дүйнөдөгү эң таасирдүү жана белгилүү саясатчылардын бири. Төмөндө немис лидеринин басып өткөн жолу, саясий ишмердүүлүгү жана саясатчынын өзү тууралуу баяндайбыз.
Германиянын учурдагы президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 1956-жылы 5-январда Детмольддун жанындагы Бракельзик шаарында карапайым жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Мектепти аяктагандан кийин Штайнмайер Бундесвердин аскердик аба күчтөрүндө кызмат өтөгөн. Ал аскердик кызматта жүргөндө эле Германиянын Социал-демократиялык партиясына мүчө болгон. Штайнмайер журналистика же архитектура тармагында билим алууну каалаган, бирок кийинчерээк юрист болууну чечкен. Ошентип 1976-жылы Гиссендеги Юстус Либиг университетине тапшырып, 1982-жылга чейин укук, андан соң саясат таануу багыты боюнча билим алган. 1986-жылы болсо немис лидери "Үйсүздөрдүн укуктук абалы" деген темада докторлук диссертациясын жактаган.
Саясатка аралашып калуусу
1986-1991-жылдары Штайнмайер Гиссен университетинин коомдук укук жана саясат таануу бөлүмүндө илимий кызматкер катары эмгектенген. 1991-жылы Төмөнкү Саксониянын мамлекеттик канцеляриясында маалымат укугу жана медиа саясаты боюнча юридикалык кеңешчи болсо, 1993-1994-жылдары Төмөнкү Саксониянын премьер-министри Герхард Шрёдердин жеке бюросун жетектеген. 1996-1998-жылдары Төмөнкү Саксониянын мамлекеттик канцеляриясынын статс-катчысы, 1999-жылдын июль айынан 2005-жылдын ноябрына чейин федералдык канцлердин аппаратынын жетекчилик кызматын аркалаган.
2005-2009-жылдары жана 2013-2017-жылдары Штайнмайер Тышкы иштер министрлигин жетектеген. Ошондой эле 2007-2009-жылдары Германиянын вице-канцлери болгон. 2007-жылдын биринчи жарымында Штайнмайер Евробиримдик кеңешинин жетекчиси, 2008-жылдын октябрында Социал-демократиялык партиянын убактылуу төрагасынын милдетин аткарган. 2017-жылдын 12-февралында Штайнмайер президенттик шайлоодо жеңип чыгып, Германиянын федералдык президенти болуп шайланган. Былтыр 13-февралда өткөн президенттик шайлоого кайрадан катышып, экинчи жолу жеңип чыккан.
Дүйнөлүк саясаттагы орду
Штайнмайер Балтика деңизинин түбү менен газ түтүгүн куруу сыяктуу эл аралык "Түндүк Агым" долбоорун даярдоого катышкан. Ал 2003-жылы АКШнын Иракка каршы аскердик операциясына Германиянын кошулуусуна каршы болгон. Штайнмайер Украин кризиси жана Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө да Германиянын атынан катышкан. Ошондой эле немис лидери 2008-жылы грузин-абхаз жаңжалын чечүүнүн үч этаптуу планын сунуштаган, анда качкындарды кайтаруу, Грузиянын акчасына Абхазияны калыбына келтирүү жана келечекте Абхазиянын саясий статусун аныктоо сыяктуу темаларды көтөргөн. Бирок бул документ эки тараптан тең колдоо тапкан эмес.
2008-жылдын август айында Штайнмайер Грузия, Абхазия жана Түштүк Осетиядагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга катышып, Грузия менен Орусиянын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ок атышууну тез арада токтотууга жана диалогго чакырган.
Коомдук ишмердүүлүгү
Франк-Вальтер Штайнмайерди Жалпыга маалымдоо каражаттары сабырдуу саясатчы деп аташат. Себеби ал көз-караштарын айтууда эч качан эмоцияга алдырбайт жана айтышы керек болгон нерселерге унчукпай койгон учурлары болот. Штайнмайер саясатчы гана эмес, коомдук ишмер катары да белгилүү. Ал бир катар коомдук жана диний уюмдардын, анын ичинде СПИДге каршы күрөшүү, Рудольф Пичлмайр атындагы органдарды трансплантациялоо фондунун мүчөсү болгон.
Сыйлыктары
Франк-Вальтер Штайнмайер бир нече эл аралык деңгээлдеги сыйлыктардын ээси. Алсак, Португалиядан берилген "Ардак белгиси" ордени , Австрия Республикасына сиңирген эмгеги үчүн ардактуу төш белгиси, немис тилдүү еврейлердин маданиятын сактагандыгы үчүн "Лео Баек" медалы, Словениянын эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү жеке эмгеги үчүн жогорку сыйлыгы бар. Ошондой эле ал көптөгөн жогорку окуу жайлардын ардактуу доктору.
Хоббиси
Франк-Вальтер Штайнмайер саякаттаганды жакшы көрөт. Мындан сырткары, футбол ойногонду жактырат, адабият менен архитектурага да кызыгат. Өзгөчө классикалык жана джаз стилиндеги музыкаларды угат.
Жеке жашоосу
Учурдагы Германиянын президенти жылына бир нече жолу Детмольддо жашаган ата-энеси менен бир тууганы Диркке барып турат. Ал 1995-жылы университетте чогуу окуп жүргөндө таанышкан юрист Эльке Бюденбендерге баш кошкон. Алардын 27 жаштагы Мерит аттуу кызы бар. Франк-Вальтер Штайнмайер мыкты ата гана эмес, камкор жолдош катары да белгилүү. Ал 2010-жылы жубайына донор болуп, бир бөйрөгүн берген.