Түрк тараптын демилгеси менен Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
"Орусиянын президенти өлкөдөгү куралдуу козголоң аракетине байланыштуу кырдаал тууралуу маалымат берди. Түркия президенти орус кесиптешинин кадамдарын толук колдоорун билдирди", - деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Владимир Путин Орусиядагы кырдаал боюнча Казакстандын президенти Токаев, Беларустун президенти Лукашенко жана Өзбекстандын президенти Мирзиёев менен сүйлөшкөн.