Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстанга расмий сапар менен барды

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Казакстанга расмий сапар менен кетти. Сапар сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаевдин чакыруусу менен уюштурулган. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлайт.

Маалымдалгандай, сапардын алкагында Шакиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушары күтүлүүдө. Ошондой эле парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев жана Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди депутаттар Кундузбек Сулайманов, Данияр Төлөнов, Бакыт Тентишев, Бахридин Шабазов, Нурлан Ражабалиев, Нилуфар Алимжанова, Гүлшаркан Култаева жана Эмиль Токтошев коштоп барды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан