Борбор калаада 28-июнда Курман айт намазы эски аянтта окулат. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чара таңкы саат 06:00дө башталып, дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору уланат.
Программа:
06:00-07:00 – дин аалымдарынын баяндамасы;
07:00-07:30 – Муфтийдин куттуктоосу жана баяндамасы;
07:30 – Айт намаз.
Эске салсак, мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири катары белгилүү болгон Курман айт майрамы Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо “курмандык чалуу майрамы” дегенди билдирет. Курман айтта кандай мал союуга боло турганы боюнча буга чейин SUPER.KG порталы жазып чыккан.
Белгилей кетсек, Курман айт майрамына байланыштуу кыргызстандыктар 28-июнда эс алышат.