Парламент депутаты Аманкан Кенжебаев Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадыловду мыйзам бузууга чакырды. 26-июнда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары жана экология комитетинин жыйынында Ысык-Көлдүн түндүк жээгине жаңы канализация системин куруу долбоору боюнча иштин жүрүшү талкууланды. Аким долбоорду ишке ашыруу үчүн алгач суу түтүгү өтүүчү жер маселесин чечүү, айрым жерлер боюнча сот чечимин күтүү керек болуп жатканын айтты. Депутат Аманкан Кенжебаев ишти тездетүү үчүн мыйзамды тепселеп салса эч нерсе болбойт дейт.
- Мен да аким болуп иштегем. Элге, мамлекетке керек иштерде мыйзамды бузам. Элге керекпи, эмнени карап отурабыз?! Соттун чечими керек, жеке менчиктин жери экен деп отура беребизби? Анда мен барып Бостери менен Чолпон-Атанын жаштарына айтайын, силерге караганда батыраак чечип келишет алар – дейт Кенжебаев.
Ысык-Көлдүн акими мыйзамды бузууга болбой турганын эскертип өттү.
- Биз деле күйүп жатабыз. Бирок бардык маселе укуктук талаада чечилиши керек да. Жаштар менен барып алып коёбуз деген нерсе туура эмес – деди аким.
Албетте, көйгөй тез чечилиши керек. Бирок депутат Кенжебаевдин “мыйзамды буза берели”, жерлерди алыш үчүн жаштардын күчүн пайдаланалы деген чакырыгы 7-чакырылыштын деңгээлинен кабар берип тургансыйт. Болбосо, мыйзам чыгаруучу жана анын кынтыксыз аткарылышын көзөмөлдөөчү адам ушундай сунуш береби?
Эскерте кетсек, Чолпон-Атадагы суу тазалоо курулмасын жаңылоо үчүн Азия өнүктүрүү банкы 62 миллион доллар бөлгөнү жатат. Долбоордун алкагында Бостери жана Кара-Ой айылындагы тазалоо курулмалары да жаңыланмакчы.
Депутаттар долбоорду ишке ашырууга даярдыкты бүтүрүүгө 3 ай убакыт беришти. “Сентябрда макулдашуу парламентке ратификацияга келсин” деген талап коюшту 26-июнь күнү.