Биз социалдык тармакта

Нурланбек Шакиев Астанадагы "Мекен коргоочулар" монументине гүлчамбар койду (фото)

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Казакстанга расмий иш сапары Астана шаарындагы "Мекен коргоочулар" монументине гүлчамбар коюу менен башталды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлайт.

Белгиленгендей, көп улуттуу Казакстан мамлекетинин биримдигин даңазалаган аталган монумент 2001-жылы ачылган.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Сенат төрагасы Маулен Ашимбаевдин чакыруусу менен Казакстанга расмий иш сапары менен барган. Делегациянын курамында депутаттар Кундузбек Сулайманов, Данияр Төлөнов, Бакыт Тентишев, Бахридин Шабазов, Нурлан Ражабалиев, Нилуфар Алимжанова, Гүлшаркан Култаева жана Эмил Токтошев бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан