Кыргыз-Казак парламенттеринин төрагалары жолугушту. Талкууланган маселелер

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, жолгушууда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Шакиев расмий иш сапар менен келүүгө чакырып, жылуу кабыл алгандыгы үчүн Сенат Төрагасы Маулен Ашимбаевге ыраазычылык билдирип, өткөрүлгөн жолугушуу парламенттер аралык байланышты чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишенерин айтты.

"Эгемен мамлекеттер катары эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесине 31 жыл толгону менен биздин байланышыбыз кылымдарды карыткан. Андыктан, эзелтен эриш-аркак жашаган эки элдин калыптанган кызматташтыгын улантуу бабалардан калган баалуу вазыйпабыз.

Айрыкча, бардык багыттагы байланыштарды кеңейтип, жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууга басым жасашыбыз кажет. Анын ичинен парламенттик дипломатия кыргыз-казак мамилелерин чыңдоонун эффективдүү механизми болуп саналат. Биз стратегиялык өнөктөштүктү өрчүтө турган иш-аракеттерге мыйзамдык жактан колдоо көрсөтүүбүз зарыл", - деди Нурланбек Шакиев.

Жолугушууда соода-экономикалык алакалар тууралуу да сөз болуп, Нурланбек Шакиев Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Казакстандын Өкмөтүнө жакынкы аралыкта соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү тапшырмасы коюлганын белгиледи. Алсак, 2022-жылы эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,2 миллиард долларды түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 13,8 пайызга өскөн.

Өз кезегинде Казакстан Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев да Кыргызстан Казакстан үчүн негизги өнөктөш мамлекеттердин бири экенин белгилеп, салт-санаа, үрп-адаты, тили, дини окшош эки элдин алакасын арттыруу башкы максат экенине токтолду. Айрыкча алакалардын учурдагы абалы тууралуу сөз кылып, байланыштарды чыңдоодо парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенин белгиледи.

Ал эми Казакстанда эмгектенген кыргыз жарандары үчүн 2012-жылкы мамлекеттер аралык келишимдин негизинде жеңилдиктерди берүү маселеси каралып жатканын маалымдады.

Ошондой эле баарлашууда Маулен Ашимбаев санариптештирүү, IT технология, инвестиция жаатындагы байланыштарды арттыруу, мыйзам чыгаруу багытында тажрыйба алмашуу маселелерин көтөрүп, кыргызстандык IT компаниялар Казакстанда ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи. Муну менен катар өзү Алматы облусунда туулуп-өскөнүн, бала чагынан Ысык-Көлдө эс алып чоңойгонун айтып, келечектеги "Алматы - Чолпон-Ата" автожолу Кыргызстанга барган казакстандык туристтердин санынын көбөйүшүнө көмөкчү болорун кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан