Талас облусунун Бакайыр айылында сугат суунун тартыштыгы көйгөйү тамчылатып сугаруу менен чечилди

Суунун тартыштыгы: айыл чарбасы үчүн чакырык

Суу – айыл чарбасы үчүн өтө маанилүү ресурс, бирок тоо боюнда орун алган айрым айылдар үчүн сугат суунун тартыштыгы олуттуу көйгөйгө айланууда. Анткен менен, тамчылатып сугаруу технологиясын колдонуп, Талас облусунун дыйкандары бул көйгөйдү чечүүнүн жолдорун таба башташты. Бакайыр айылындагы дыйкан Кенжебек Дубашев өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

“Биз тоонун боюнда жашагандыктан дарыяларда суу аз. Каналдан келген суу эки айылдагы 700 гектар сугат жерди жана 350 гектар кайрак жерди сугарууга багытталган”, – дейт Дубашев.

Дубашев жана анын коңшулары жерди иштетип, мал кармашат. Бирок алардын айылындагы жер кумдуу болгондуктан сугарууга жетиштүү боло тургандай көлөмдө суу алуу кыйынчылыктар менен коштолуп келет. Буга чейин дыйкандар негизинен төө буурчак өстүрүшчү, бирок ал жакшы түшүм бербей калгандыктан акыркы жылы назарын буудайга, арпага жана чөпкө бурушту.

“Биз туугандарыбызга таандык, кайрак жерге буудай, буурчак жана чөп отургузганбыз. Акыры суунун жоктугунан улам туугандарыбыз менен кеңешип, мөмөлүү бактарды отургузууну чечтик. Биз бактарды 2018-жылы отургузуп чыктык. Бул тамчылатып сугаруунун жакшы жери – бир сааттын ичинде 4 жарым литр суу чыгат, ал туш келди жерге агып кетпейт, коромжу болбойт, түтүктөр аркылуу өтүп, жерге сиңимдүү болот экен. Суу маселеси чечилгенине абдан кубанычтабыз”, – дейт Дубашев.

Тамчылатып сугаруу: натыйжалуу чечим

Тамчылатып сугаруу – бул сугаруу технологиясы, мында суу тамчылатуучу түтүк системасы аркылуу өсүмдүктөрдүн тамырына түз жетет. Бул сууну ысырап кылбай, натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Тамчылатып сугаруу сууну үнөмдөгөндөн тышкары, түшүмдүн сапатын жакшыртууга жана энергия менен жер семирткичке кеткен чыгымдарды азайтууга да жардам берет.

Тамчылатып сугарууну айыл чарбасында, айрыкча сууга жетүү чектелген шарттарда колдонуу олуттуу артыкчылыктарга ээ. Бул технология сууну эки-үч эсе үнөмдөөгө, ошондой эле өсүмдүктөрдү өстүрүү шарттарын жакшыртууга жана түшүмдүүлүктү жогорулатууга жардам берет.

Мындан тышкары, бул ыкма экологияга да оң таасирин тийгизет. Мисалы, аянты 10 гектар болгон, тамчылатып сугаруу системасы менен жабдылган алма багы жылына 30 тонна кычкылтек бөлүп чыгарат, бул болсо абаны тазалоого жана жагымдуу атмосферага өбөлгө түзөт.

Шыктандыруучу ийгиликтин мисалы

Кенжебек Дубашевдин жана анын кошуналарынын тамчылатып сугаруу сыяктуу инновациялык сугаруу ыкмалары элет жергесиндеги суунун тартыштыгы өңдүү көйгөйдү кантип чечип, айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө кандайча салым кошсо болоорун көрсөткөн мыкты мисалдардын бири. Алардын окуясы башкаларды шыктандырып,технологиянын жардамы менен кыйынчылыктарды жеңип, ресурстар чектелүү болгон шартта да ийгиликке жетүүгө болорун көрсөтүүдө.

Тамчылатып сугаруунун жардамы менен Бакайыр айылынын дыйкандары сугат суунун жетишсиздиги көйгөйүн чечип, туруктуу түшүм менен камсыз болушту жана өз аймагындагы жашоо шарттарын оңдой алышты. Бул мисал айыл чарбасында инновациялык технологияларды колдонуу көйгөйлөрдү чечип, туруктуу айылдык чөйрөнү түзүү үчүн зор потенциалга ээ экендигин көрсөтүп турат.

#ЭкоЖаша

“Курама Стори Лаб” коомдук фонду “ЭкоЖаша” маалыматтык өнөктүгүн жана анын алкагында конкурсту өткөрүү демилгесин көтөрдү. “Курама Стори Лаб” буларды Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырууда.

Ар бир адам бул конкурстун маңызын таба алат. Анын үстүнө бул биздин планетабыз үчүн пайдалуу бир иштерди чогуу жасоонун жөнөкөй жана кызыктуу жолу. Конкурс 14-июндан 30-июнга чейин созулат.

Экологияга байланыштуу окуяңызды, сүрөтүңүздү же видеоңузду социалдык тармактарда бөлүшсөңүз болот. Бул бак-дарак отургузган акцияда тартылган сүрөт болушу ыктымал, же таштандыны кантип сорттоп жатканыңыз тууралуу окуя менен бөлүшө аласыз, же экологиялык демилгелериңиз тууралуу баяндаган тасма болушу мүмкүн.

Конкурска катышуунун шарттары:

1. Инстаграмдагы баракчаңызда экологияга байланыштуу окуя, сүрөт же видео менен бөлүшүңүз;

2. #ЭкоЖаша #EcoJasha деген хэштегдерди колдонуп, постто @kuramastory деп белгилеп коюңуз;

3. Профилиңиз ачык болушу керек.

“ЭкоЖаша” долбоорунун өнөктөшү, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги байгелерди ойноткон маалда бардык шарттарды аткарган жигердүү катышуучулар баалуу жана пайдалуу нерсени утуп алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Июнь айынын ичинде @kuramastory баракчаларында жана ЖМКда өлкөбүздүн булуң-бурчунда жашап, глобалдык климаттык кризисти чечүүгө өз салымын кошуп жаткан мыкты адамдардын окуялары жарыяланып турмакчы. Бул адамдардын мисалдары көпчүлүгүбүздү шыктандырып, күч-аракетибизди бириктирип, климаттын өзгөрүүсү сыяктуу коркунучтун мизин кайтара алабыз деп үмүттөнөбүз.

Биз, адамдар, жаратылыштын жана анын циклдеринин бир бөлүгү болуп саналабыз. Экосистемага тийгизип жаткан таасирибиз күнүмдүк жашообузда да олуттуу из калтырууда. Кадыресе жашообузда деле оң өзгөрүүлөрдү жасай алабыз. Анда эмесе, планетабыздын жаркын келечегин чогуу түптөп көрбөйлүбү!

“Курама Стори Лабдын” социалдык тармактардагы маалымат өнөктүгүнө кошулуңуз!

Инстаграм: https://www.instagram.com/kuramastory/

Фейсбук: https://www.facebook.com/profile.php?id=100076214776430

Ютуб: https://www.youtube.com/@eco312

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан