Обон созуп, бейтап дарылаган "темир адамдар" тууралуу эки сөз

Эгерде мындан 100 жыл мурун "силер жасаган ишти жасай турган роботтор пайда болот" десе, эч ким ишенбей жомок катары гана кабыл алмак. Бирок учурда технологиянын өнүгүшү менен адамзаттын жашоосун жеңилдеткен ар кандай роботтор чыгарылууда. Алдыда өзгөчө роботтор менен тааныштырабыз.

Музыкант

Көпчүлүгүбүз буга чейин адамдар гана музыка менен алектенгенин көрсөк, дүйнөнүн башка бир бурчунда роботтор музыканттардын жумушун аткарышат. Алардан “Compressorhead” деген топ да түзүлүп, ар биринин өзүнчө аты, өзгөчөлүгү бар. Алсак, гитарада ойногон роботтун 78 манжасы болсо, барабанда ойногон робботтун 4 колу бар. Алар белгилүү топтордун чыгармаларын чертип, байма-бай элге тартуулап турушат.


Медайым

Smart Doctor Assistant аттуу Кытайдагы робот Цинхуа университети жана iFLYTEK компаниясы тарабынан жасалган. Аталган роботто бейтаптарга биринчи диагнозду коё алган жасалма интеллект бар. Ал 2017-жылы улуттук медициналык сынак тапшырып, 456 упай ала алган. Бул жыйынтык босого баллдан 100 упайга көп болгон.

Жаачы

Жаа атууда максатка так атуу оңой иштердин бири эмес. Ал үчүн көп машыгуу керек. Ал эми Италия институту тарабынан жасалган жаачы робот бир нече аракеттен кийин үйрөнө алат. Бирок анын деңгээли бул багытта адис болгон адамдарга жетпейт. Ошондой эле жаачы робот улам өз багытын өзгөртүп соккон шамал учурунда так ата албай калышы мүмкүн. Окумуштуулар учурда жаачы роботту дагы жакшыртуу максатында анын үстүнөн иштеп жатышат.

Сүрөтчү

Улуу Британияда жасалган Ai-Da аттуу робот жасалма интеллекттин жардамы менен сүрөт тартат. Анын атын 19-кылымда жашаган математик Ада Лавлейстин урматына коюшкан. Бир нече атактуу музейлерде бул роботтун тарткан сүрөттөрүнүн көргөзмөсү уюштурулган. Ал сүрөт тарткандан тышкары скульптураларды жасап, музыкалык клиптерге тартылат. Жадакалса, маектеши менен сүйлөшүп, искусство тармагы боюнча өз оюн айта алат.


Сууда жүргөн робот

Кытайдын Unitree Robotics компаниясы тарабынан жасалган төрт буттуу робот сууда жүрө алат. Ал суу өткөрбөөчү өзгөчөлүккө ээ болуп, IP68 стандарты менен суудан сакталган. Робот тепкичтерде, түз болбогон жерлерде да баса алат. Бул робот суудан “коркпогондугунан” тышкары, 80-100 килограммдагы оор жүктөрдү да көтөрөт.

Робот манекен

Кийимдин өлчөмүн жана моделин табуу үчүн кийим сатуучу дүкөндөрдө көп убакыт коротууга туура келет. Ошондуктан, дүйнөдөгү көпчүлүк жарандар онлайн буюртма берүүнү өздөштүрүүдө. Бирок онлайн сатып алуу учурунда кардарга кийимдер туура келбей калышы мүмкүн. Мындай көйгөйдү жоюу үчүн эстониялык инженерлер адамдын денесинин формасына жараша өзгөрө алган манекенди ойлоп табышкан. Ал үчүн кардар интернет дүкөнүнүн сайтына фигурасынын өлчөмүн жазат, манекен ошол өлчөмгө жараша формага ээ болуп, кардар жактырган кийимди кийип көрсөтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан