Кечээ, 26-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин куралдуу козголоңдон кийин биринчи жолу видео кайрылуу жасады.
Путин Орусияда башаламандык уюштуруу аракетинин аягы ийгиликсиз болорун жана ал акырында баары бир токтотуларын баса белгиледи. Орус лидери "Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин тууралуу сөз кылган жок.
Ошондой эле Орусиянын жергиликтүү басылмаларында, беш мүнөттүк видео кайрылуудан кийин Путин дароо күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолукканы, алардын арасында коргоо министри Сергей Шойгунун да болгону айтылды.
“Урматтуу достор!
Бүгүн дагы бир жолу Орусиянын жарандарына кайрылып жатам. Чыдамдуулугуңар, тилектештигиңер жана мекенчилдигиңер үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Бул атуулдук тилектештик ар кандай коркутуу жана ички башаламандыктарды жаратуу аракети ийгиликсиз болорун көрсөттү.
Коомдун, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинин эң жогорку консолидациясы бардык деңгээлде көрсөтүлгөнүн кайталайм. Коомдук уюмдар, диний конфессиялар, алдыңкы саясий партиялар, чындыгында бүткүл орус коомчулугу конституциялык түзүлүштү колдоо боюнча бекем, ачык-айкын позицияны карманышканын айткым келет. Бардыгын Ата-Мекендин тагдыры үчүн болгон жоопкерчилик бириктирип турду.
Окуялардан келип чыккан коркунучту жоюу, конституциялык түзүлүштү, жарандарыбыздын өмүрүн жана коопсуздугун коргоо боюнча бардык зарыл чечимдер дароо кабыл алынганын баса белгилейм.
Куралдуу көтөрүлүш кандай болгон күндө да басылмак. Козголоңдун уюштуруучулары, адекваттуулугун жоготсо да, муну түшүнө алышкан жок. Алар кылмыштык аракеттерге барганын, өлкөнүн тышкы коркунучка кабылганын, сырттан болуп көрбөгөндөй кысымга дуушар болуп турган өлкөнү алсыратууга аракет кылып жатканын билишкен. Бирок козголоңдун уюштуруучулары өз өлкөсүнө, элине чыккынчылык кылуу менен кылмыш жасоого мажбур болгондорду да сатып кетишти. Аларды өлүмгө түртүштү, аларга өздөрүнүкүнө ок чыгаруусу үчүн калп айтышты.
Киевдеги неонацисттер да, алардын батыштагы колдоочулары да, ар кандай улуттук чыккынчылар да дал ушул жыйынтыкты – бир туугандык кыргынды каалашкан. Алар орус жоокерлери бири-бирин, аскер кызматкерлери менен карапайым калкты өлтүрүп, акырында Орусиянын утулуп, коомубуздун экиге бөлүнүп жана кандуу жарандык кагылышууда жок болушун каалаган.
Козголоңчуларга тоскоол болуп, өз милдетине, антына, элине бекем турган биздин бардык аскер кызматкерлерине, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, атайын кызматтагыларга ыраазычылык билдирем. Курман болгон баатыр учкучтардын эрдиги жана жан аябастыгы Орусияны трагедиялык кесепеттерден сактап калды.
Ошондой эле “Вагнер” жоокерлер жана командирлер тобунун басымдуу бөлүгү өз элине жана мамлекетине берилген Орусиянын патриоттору экендигин билебиз жана буга чейин билчүбүз. Алар Донбассты жана Новороссияны бошотууда өздөрүнүн эрдигин көрсөтүшкөн. Аларды өлкөсү, анын келечеги үчүн чогуу күрөшкөн куралчан бир туугандарына каршы колдонууга аракет кылышты.
Ошондуктан менин түз көрсөтмөм менен көп кан төгүлбөшү үчүн башынан эле көп кадамдар жасалды. Ката кетиргендерге ойлонууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн, алардын аракеттери коом тарабынан чечкиндүү түрдө четке кагылып жатканын жана Орусияга кандай трагедиялуу, кыйратуучу кесепеттерди алып келерин түшүнүү үчүн убакыт талап кылынды.
Мен бир туугандарынын канын төкпөгөндүгү үчүн жана туура чечим кабыл алганы үчүн “Вагнер” аскер жана командирлер тобуна ыраазычылыгымды билдирем.
Бүгүн сиздерде Коргоо министрлиги же башка күч түзүмдөрү менен келишим түзүп, Орусияга кызмат кылууну улантууга же үй-бүлөңүзгө, досторуңузга кайтууга мүмкүнчүлүк бар. Каалоочулар Беларусь өлкөсүнө кете алат. Мен берген убада аткарылат. Тандоо силердин колуңарда экенин дагы бир жолу айткым келет, бирок өзүнүн катасын түшүнгөн орус аскерлеринин тандоосу болоруна ишенем.
Беларусь өлкөсүнүн презденти Александр Григорьевич Лукашенкого абалды тынчтык жолу менен чечүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирем.
Бирок бул күндөрдө чечүүчү роль катары жарандардын патриоттук сезими, бүткүл орус коомунун консолидациясы болгонун кайталайм. Бул колдоо биздин өлкө үчүн оор сыноолорду бирге жеңүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Баары үчүн рахмат. Ыраазычылык билдирем”, - деп айтылат кайрылууда.
Эске салсак, 23-июнда Орусиядагы "Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясынын лидери Евгений Пригожиндин Москвага жасаган жүрүшүнө байланыштуу өлкөдө контр-террордук режим жарыяланган. Кийин Беларусь президенти Александр Лукашенко Пригожин менен сүйлөшкөндөн кийин Москвага бара жаткан колоннаны артка кайтарган. Ал эми кечээ, 26-июнда "Вагнердин " жетекчиси Евгений Пригожин окуядан кийин билдирүү жасаган болчу.