"Конкорд" компаниясынын басма сөз кызматы "Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясынын лидери Евгений Пригожиндин билдирүүсүн жарыялады.
Анын айтымында, "Вагнерчилер" Орусияда бийликти кулатуу эмес, нааразылык акциясына чыгуу үчүн жүрүшкө чыккан.
"Жөө жүрүштүн максаты "Вагнерчилердин" жок болуп кетүүсүнө жол бербөө болгон. Биз өлкөдө бийликти кулатуу үчүн эмес, нааразычылык акциясына чыктык", - деген Пригожин билдирүүсүндө.
Пригожин Беларустун президенти Александр Лукашенко "Вагнердин" согушкерлерине колун сунуп, өз ара пайдалуу чечимдерди табууну сунуш кылганын белгиледи. Ишкер аны менен сүйлөшкөндөн кийин колонналар артка бурулуп, талаа лагерлерине кеткенин кошумчалады.
Эске салсак, 24-июнда Орусиядагы "Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясынын лидери Евгений Пригожиндин Москвага жасаган жүрүшүнө байланыштуу өлкөдө контр-террордук режим жарыяланган. Ал эми 26-июнда Москвада контр-террордук операцияга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн бардыгы алып салынган.