Жакында Телеграмда "Stories" кызматы ишке кирет

Ушул жылдын июль айынан тарта Телеграм мессенджеринде "Stories" кызматы ишке кирет. Бул тууралуу аталган тиркеменин негиздөөчүсү Павел Дуров өзүнүн Телеграм каналы аркылуу билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.

"Көп жылдар бою биздин колдонуучулар Телеграмга "Stories" бөлүмүн жайгаштырууну суранып келишкен. Азыр аталган кызмат тестирлөөнүн акыркы баскычынан өтүп жатат", - деп билдирген Дуров.

Анын айтымында, жаңы кызмат Телеграм каналдарына дагы көбүрөөк катталуучу топтоо мүмкүнчүлүктөрүн алып келет. Кызмат Инстаграмдагы "Stories" бөлүмүнө дээрлик окшош. Мисалга бул жакта да колдонуучулар өздөрү бөлүшкөн тарыхчаларын кимдер көрүп, кимден жашыра турганын аныктай алышат. Өзгөчөлүгү, мында тарыхчанын канча убакыт сакталып турарын колдонуучу өзү белгилейт. Ал 6, 12, 24 же 48 саат болушу ыктымал. Ошондой эле, сүрөт жана видеодон тышкары жакын досторду белгилөө, шилтемелерди бөлүшүү мүмкүнчүлүктөрү да каралган.

Белгилей кетсек, Телеграм мессенджери 2013-жылы колдонууга чыккан. Ал 2022-жылы эң көп көчүрүлгөн 5 тиркеменин катарына кирип, туруктуу колдонуучуларынын саны 700 миллион деп бааланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан